2025-03-27
2025-жылдын 26-мартында Кесиптик колледжибизде кыргыз тарыхы, маданияты жана баалуулуктары менен нарк ченемдерине ширелген жаш муундарды тарбиялоо максатында КР президентинин "Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолу * жөнүндө жарлыгына ылайык "Кыз-жигит Сармерден оюну" уюштурулуп өткөрүлдү. Оюнду колледжибиздин "Мектепке чейинки билим берүү" программасынын кыздары жана "Курулуш" программасынын жигиттери көркүнө чыгарышты. Программа ыр-күлкү, кыз-жигиттин айтышы, манастан үзүндү айтуу, акыйнек ыры, бий жарыш жана макал-лакаптар менен коштолду. Мыкты иш-чара үчүн уюштуруучулар Гулмира Ажыгулова жана Гулзаада Абдралиева эжелерибизге ыраазычылык билдиребиз.